Бишкекте унаанын айнегин талкалап, акча жана телефон уурдап кеткендер кармалды (видео)

Бишкекте унаанын айнегин талкалап, ичинен акча жана телефон уурдап кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта шаардык милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кылмыш 9-февралда саат 13:50дө Чыгыш-5 кичи районунун көчөлөрүнүн биринде болгон. Токтоп турган Тойота үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы каптал айнегин талкалап, ичиндеги 50 миң сом жана телефон салынган баштыкты уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") менен иш козголуп, шектүү катары 1987-жылы туулган К.Э. жана 1988-жылы туулган У.М. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүлөрдүн аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0 (702) 169-999 же 102 телефон номурларына кабарлап коюуну суранат.

Унаанын айнегин талкалап, ичинен акча жана телефон уурдап кеткендер кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан