Бүгүн, 7-мартта Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө майрамдык маанай жаралып, гүл саткандардын саны көбөйдү. 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата кимдир-бирөө апасына, кай бири эже, карындашына, дагы бири жубайына гүл тандап жаткан учурларга күбө болдук.
Гүлдөрдүн эң арзаны 100 сом болсо, анын түрүнө жараша баасы 250-350 сомго чейин жетүүдө. Ал эми гүл сатуучу дүкөндөргө баш багып көрсөк, гүлдөрдүн баасы түрүнө жараша 150 сомдон 4500-5000 сомго чейин жетип жатат.