Жалал-Абадда милиция кызматында иштеген айымдар сыйланышты (фото)

Бүгүн, 7-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында айымдардын майрамы белгиленди. Бул туурасында мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматында эмгектенген айымдарга ИИМдин медалы, төш белги жана Ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБинин алкыш жана куттуктоо баракчалары, ИИМдин Ички аскерлеринин №7704 аскер бөлүгүнүн юбилейлик медалдары ыйгарылды.

"Аялдардын эртеӊки эл аралык майрамы менен Жалал-Абад ОИИБинин начальниги Жеӊишбек Абитов куттуктап, бекем ден соолук каалады. Аялзаты үйдүн куту экендигин айтып, иштеринде ийгиликтер болуусуна тилектештигин билдирди.

Ошону менен катар айымдар үчүн сый тамак уюштурулуп, майрамдык иш-чара салтанаттуу түрдө белгиленди", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан