Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө Исакеев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Дубровский" кафесинде тосмо мыйзамсыз орнотулгандыгын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, кафенин түштүк тарабында көрктөндүрүү үчүн берилген жерди текшерүүдө уруксат кагаздары жок кафенин жайкы аянтчасы катары пайдаланылып жатканы аныкталган. Ошондой эле 7-апрель көчөсү тарабына уруксат берүүчү документтери жок жарнама конструкциялар орнотулган.
"Өз кезегинде жетекчилик тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү", - деп айтылат маалыматта.