
Борбор калаанын мэри
Эмилбек Абдыкадыров Мурат Осмоновду кеңешчи кылып дайындады. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Буга чейин ал Улуттук статистика комитетине караштуу "Интеллектуалдык маалыматтар борбору" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген.