Бишкекте тургундар мамыга байлап койгон жаран боюнча милиция маалымат берди

Чүй облустук милициясы Бишкектин чет жакасындагы Ак-Жар жаңы конушунда үйгө ууруга кирген делген жаран боюнча маалымат берди.

"6-март күнү белгисиз жаран Аламүдүн районуна караштуу Ак-Жар жаңы конушунун үйлөрүнүн бирине, эч ким жоктугунан пайдаланып үйдүн кулпусун сындырып, ичине кирип, оокаттарын чачып жаткан жеринен үйдүн ээси К.Т. тарабынан кармалган. Качып кетпесин деп бакка байлап, милиция кызматкерлери келгенде өткөзүп берген", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") менен иш козголгон.

Кармалган жарандын өздүгү такталып, ал мурун сот жообуна тартылган 1990-жылы туулган М.Э. аттуу жаран экендиги аныкталып, шектүү катары убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кошумча текшерүү учурунда анын дагы бир нече уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги такталды.

Учурда тергөө иштери улантылып жатканы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда тургундар белгисиз жаранды кармап электр мамысына байлап койгон видео тараган.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан