Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7-мартка карата 7 миллиард 981 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Маалым болгондой, суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 160 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 361 куб метрге жетүүдө.
"Электр станциялары" ачык акционердик коому жарандарды сууну үнөмдөөгө чакырат.