Бишкекте 15-марттан тарта борбордук көчөлөрдө соода кылгандарга тыюу салынат

Бишкектин Биринчи Май районунун айланасында 15-марттан тарта көчө соодасына тыюу салынат. Бул тууралуу Биринчи Май райондук администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көчөдө балмуздак, суусундук жана башка нерселерди сатууга болбойт. Ошондой эле күч ченеген жабдууларды орнотууга, балдардын электромобилдерин, велосипеддерди ижарага берүү токтотулат.

"Бул эң биринчиден борбордогу башаламан соода-сатыкты иретке келтирүү максатында аткарылып жаткан иш. Борборубуз таза жана тыкан болушу керек. "Ала-Тоо" кинотеатрынын айланасы, Эркиндик бульвары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маңдайы, "Ала-Тоо" борбордук аянты, Эмен багы сыяктуу жерлерде көчө соодасына тыюу салынат, ал эми башка мыйзамдуу, уруксат берилген жерлерде макулдук бар", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле калаа жашоочуларын жана келген конокторду тартипке чакыруу максатында Эркиндик сейил багында 16 видеобайкоо орнотулуп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан