Венера Бөкөтаева психолог. Ал акыркы жылдары кыргыз айымдарына ар кандай темаларда сабак өтөт. 8-март айымдардын эл аралык майрамына карата Венера айым менен аялдар темасында сүйлөштүк.
25 миңден ашык кыз-келиндерди окуттум деген психолог кебин мындай баштады.
Психологияга келгенимдин деле анык бир себеби жок. Кичине кезимде мектепке бара жаткан жолдо мүрзөлөр бар болчу. Аларды аралап барчумун. Ошондо мүрзөлөрдө ар кандай жазуулар бар болчу. "Бул ак көңүл киши болчу", бул деген мындай болчу деген жазуулар өтө көп эле. Анан мен ойлоно баштадым. Мен өлгөндөн кийин мага эмне деп жазылат деп.
Анан ойлонуп жүрүп акырында "көп аялдарга жардам берген аял болчу" дегенди ойлоп таптым. Себеби ошондо эле кошуна-колоңдордун аялдары үйгө келип апама даттанып калышчу. "Күйөөм урду", "акча бербей койду" дегендерди көп көрчүмүн. Анан эс тартканы аялдарга укуктук жактан жардам берем деп юридикалык билимге окудум. Анан ойлосом көп деле бул тармактан жардам бере албайт экенмин. Себеби бизде маселелер ар кандай жолдор менен чечилет экен. Анан кайра ойлонуп тигүүчүлүк жактан жардам бергим келди. Аларды сулуулап, кийиндирип. Андай дагы кылып көрдүм. Бирок акыры мен өзүмдүн миссиямды психолог жактан таптым.
Аялдар көбүнчө күйөөлөрүн өзгөрткүлөрү келет
Мага кайрылган айымдар көбүнчө күйөөлөрүн гана өзгөрткүсү келет. Ал өзгөрсө эле жыргап кетем деп ойлошот. Бирок андай эмес. Биринчи өзүн баштоосу зарыл. Негизи биринчиден дайыма өзүбүзгө суроо беришибиз керек. Эмнеге мага ушундай күйөө же аял туш келди деп. Себеби аялдын ички дүйнөсү анын сырткы дүйнөсүн чагылдырат. Мисалы, жолдошум эч нерсе кылбайт деген аялдардын оюнда "үйдө эч нерсе кылбай жатсам, эс алсам деген ойлору бар". Бирок аны өздөрүнө уруксат бербейт. Тытынып иштей берет. А жолдошу үйдө жаткан болот.
Бардык кыргыз аялдарынын кемчилиги - ыңгайлуу болуусунда
Биздин айымдар өздөрүнө ишенбейт, өздөрүн алсыз сезип баарына ыңгайлуу боло берет. Мен баарына жагышым керек деген нерсе бар. Себеби биздин тарбияда кыз же келин үйдү таза жыйнаса же тың болсо гана мактоо угат. Ошондо гана өзүн кыйынмын деп сезет. Бирок биз кызды бир нерсе кылганы үчүн гана мактап жатабыз. А болгону кыз болгону үчүн гана эч ким мактабайт.
Кыргыз айымдары өзүнө акча корото албайт
Кыргыздын айымдары өзүнө эч качан акчаны корото албайт. Мисалы, күйөөсү 5 миң сом берсе өзүнө гана керектебейт. Балдарына кайра эле акча берген жолдошуна бир нерсе көтөрүп келип калат. Бирок кээде коротконду, алганды, бергенди да билген жакшы.