Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 7-мартта Өзбекстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, жумушчу сапардын алкагында Жапаров Өзбекстандын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөрү, андан тышкары өлкөнүн ар кайсы аймагындагы өндүрүштүк, илимий-техникалык жана өнөр жай ишканалары менен таанышат.
Аны менен катар Жизак облусунун Манас айылындагы этникалык кыргыздар менен кездешери да пландалган.
Айта кетсек, 1-марттан 7-мартка чейин Жалал-Абад облусунда кыргыз-өзбек чек араларын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация жолугушуу өткөрүп, бир катар документтерге кол коюшкан.