Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Луиза Винтон 7-марттагы виртуалдык пресс-брифингде Түркияда бир ай мурда болгон кыйраткыч жер титирөө 100 миллиард доллардан ашык чыгым алып келгенин билдирди.
"Бүгүнкү күндө жасалган эсептөөлөр ачык-айкын көрсөтүп турат, бийлик тарабынан бааланган, эл аралык өнөктөштөр тастыктаган зыяндын көлөмү 100 миллиард доллардан ашат", - деген ал.
Винтон ошондой эле калыбына келтирүү үчүн мындан да көп каражат талап кылынарын кошумчалады.
Луиза Винтон Сириядагы кыйроолор эске алынбай, жер титирөөнүн Түркияга тийгизген зыяны жөнүндө гана сөз болуп жатканын тактады.