Бүгүн, 8-март күнү борбор калаада аялдардын укугун сактоого чакырган акция өтүп жатат.
Анын катышуучулары алгач Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун алдына чогулушуп, бир нече талаптарын айтышты.
Жөө жүрүштө жеке ишкерлер, журналисттер, активисттер жана студенттер басымдуу кылышат. Иш-чаранын башкы максаты - аялдардын укуктарынын сакталышына коомчулуктун көңүлүн буруу.
Белгилей кетсек, мындай жүрүш жыл сайын дал ушул күнү өткөрүлүп келет.
Учурда жүрүштү милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.