Бүгүн, 8-март күнү Бишкек шаарында аялдардын укугун сактоого чакырган жөө жүрүш болуп өттү.
Анын катышуучулары алгач Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жүрүш жасашты. Жүрүштүн катышуучулары аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы пикирлерин билдирген плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Алар сот адилеттигинин сакталышын камсыз кылуу, сөз эркиндигине болгон басымды токтотуу, аялдардын билим алуусуна шарт түзүү жана аларды жумуш орду менен камсыз кылуу сыяктуу талаптарды коюшту.
"Жыл сайын аялдарга карата зомбулуктун саны өсүүдө. Мисалы, эне-баланын өлтүрүлүшү, жашы жете элек кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жаратты. Мындан улам бийлик өкүлдөрүнө сот тутумдарынын жана милиция кызматкерлеринин өз ишин так аткаруусун эскертүү максатында бул жүрүштү жасадык. Биз аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотушубуз керек", - дейт жарандык активист Умай Арыкова.
Бул акция "Бишкек феминисттик демилгелери" уюму тарабынан уюштурулду. Ага жеке ишкерлер, активисттер жана студенттер катышты. Иш-чаранын башкы максаты - аялдардын укуктарынын сакталышына коомчулуктун көңүлүн буруу.
Жөө жүрүш саат 13:00дө башталып, дээрлик бир саатка созулду. Ага 500гө жакын адам катышты.
Күбөлөрдүн айтымында, маршта жүрүштүн катышуучуларынын бирин милиция кармап кетти. Аны каякка алып кетишкени азырынча белгисиз.