Бүгүн, 8-мартта Жалал-Абадда Тай-Мурас Ташиев баатыр энелерге майрамдык иш-чара уюштурду. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөттөрүн жүктөдү.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев өзү да бул иш-чарага конок катары катышты. Иш-чарада аймактан келген 600дөй баатыр энелерге сый-тамак берилип, концерттик программа тартууланды. Андан сырткары дүйнөдөн көзү өткөн энелерге куран окутулду.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да катышты.