Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Буга байланыштуу министрлик тургундарды этият болууга чакырат.