Бишкекте адашып кеткен 5 жаштагы бала атасына тапшырылды

Бишкек шаарында адашып жүргөн 5 жаштагы бала табылып, атасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы маалымдады.

Бүгүн, 8-март күнү саат 14:30 чамасында кызматкерлерге бекитилген маршрутунда кайгуулдап жүргөн учурунда атасынан адашып калган беш жаштагы баланы байкашып, атасын таап, тапшырып беришкен.

Өз кезегинде ыкчам аракет кылган милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлерине баланын атасы рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан