ӨКМ Бишкекте катталган ири өрт боюнча маалымат берди

Бишкектеги Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 2 кабаттуу имараттан чыккан өрт саат 19:04тө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык катталган имараттын 1-кабатында дүкөн, 2-кабатында тигүүчү цех жайгашкан. Жалын имараттын чатырын жана экинчи кабатын каптаган.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана Штаб тартылган. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Болжол менен 200 чарчы метр аянты өрттөнгөнү айтылат. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан