Кыргызстандын футбол боюнча Суперкубогун “Алай” командасы жеңип алды

Кыргызстандын футбол боюнча Суперкубогун Оштун “Алай” командасы жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-мартта Ош шаардык мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн А.Суюмбаев атындагы стадиондо өткөн мелдеште жалгыз голду борбордук чабуулчу Рыскелди Артыкбаев киргизген. Жыйынтыгында “Алай” футбол клубу “Абдыш-Ата" командасын жеңип алган.

"Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Кыргызстандын профессионалдык футбол лигасынын аткаруучу директору Канат Асенов катышып, эки команданын активдүү оюнун белгилеп, “Алай” клубун куттукташты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Суперкубок үчүн беттеш салтка айлангандай жаңы футбол сезонунун башталышында өткөрүлөт. Анда мурдагы сезондо өлкөнүн чемпиондугун жана кубогун жеңип алган командалар беттешет.

Былтыр өлкө чемпиону жана кубоктун ээси “Абдыш-Ата” футбол клубу болгон. Буга байланыштуу Суперкубок үчүн беттеште "Абдыш-Атанын" атаандашы 2022-жылдагы өлкө чемпионатында 2-орунду ээлеген Оштун “Алай” командасы болду.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан