"Жалал-Абад" санаториясынын башчысынын орун басары бейтаптарга бекер бериле турган медициналык процедураларга акча алганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. санаториянын бейтаптарынан акча талап кылып алып жаткан жеринен кармалган. Такталгандай, кармалган А.М.С. иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедуралары үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталган.
Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.