Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

7-мартта Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, элчи Казакбаев түрк элине 6-февралдагы көптөгөн адам өмүрүн алып кеткен кыйратуучу жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.

Өз кезегинде министр Чавушоглу түрк элинин башына оор сыноо түшүп турганда көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн Кыргызстанга терең ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык боюнча маселелердин жоон тобун, ошондой эле түрк мамлекеттер уюмунун алкагында тараптардын өз ара аракеттенүү пландары кеңири талкууланды. Мындан тышкары дипломаттар эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

"Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги бардык маселелери боюнча пикир алмашып жана «убакытты такташып» туруу үчүн мындан аркы үзгүлтүксүз байланыштар тууралуу макулдашышты" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан