"Кулагым качан өсөт деп жүрөгүмдү эзет". Болот Токтобаевдин кызы операцияга муктаж

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Болот Токтобаевдин кызы операцияга муктаж. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып, кайрымдуу жарандардан жардам сурады.

Ал белгилегендей, операция Түркияда жасалат. Ал үчүн 30 миң доллар керектелет.

"Урматтуу кыргыз журтум! Жараткан тагдырга эмнелерди гана жазбайт, чыдайт экенбиз, түтөт экенбиз. Сиздер көрүп турган кызым Хадижа 2016-жылы "Атрезия и микротия слухового прохода с левой стороны. Смешанная тугоухость 3-4 степени" диагнозу менен төрөлгөн. Дарыгерлер 3 жашында алып келгиле деди, 3 жашында алып барсак 6 жашында алып келгиле деди. 6 жашында алып барсак, эми операция жасатуу керек дешти. Быйыл апрелде 7 жашка чыгат.

"Ата, кулагым качан өсөт? Сиз убада бербедиңиз беле кышта, жазда, жайда өсөт деп тынчымды алып, жүрөгүмдү эзип келет. Колуңуздардан келишинче кызымдын кулагын жасатып алышыма жардам берүүңүздөрдү суранам", - деп жазды ал.

МБАНК ЖАНА ЭЛСОМ:

0700 63 83 66

ОПТИМА БАНК:
4169 5853 5917 6566

СБЕРБАНК:
4276 3801 8399 6540

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан