ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган Бишкек шаарынын тургуну Фучик сейил багында 15ке жакын дарактын кыйылганына нааразы болгон. Анда окурман "Фучик атындагы сейил багындагы жаш дарактарды эмнеге кыйып салышты? Союз мезгилинен бери өсүп турган. 15ке жакын дарак экен", - деген ал.
Аталган кайрылуу боюнча "Бишкек Жашыл чарба" муниципалдык ишканасына байланышканыбызда, кыйылган дарактардын ордуна жаш көчөттөр отургузуларын маалымдашты.
"Ю.Фучик атындагы сейил бак 1955-жылы азыркы Ленин районунда салынган. 1995-жылы бул сейил бак муниципалдык менчикке берилген. Ошондуктан бул сейил бактагы өскөн дарактар абдан узак жашоо жашап, азыркы учурда карып өз ресурсун жоготту. Шаар тургундарына кооптуу болгон үчүн сейил бактагы дарактарды текшерүү өткөрүлүп, Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Чүй облусунун аймактык территориалдык башкармалыгынан уруксат алынып дарактарды бутоо жана кыюу иштери жүргүзүлгөн.
Эскерте кетсек, кыйылган дарактардын ордун жаңы жаш көчөттөр отургузулат. Өткөн жумада бул сейил бакка 100 ийне жалбырактуу дарак тигилди", - деп билдиришти мекемеден.