Эльвира Сурабалдиева: "Чоң-Арыктагы көрүстөнгө түнү менен адамдар тымызын көмүлүп жатканын айтып жатышат"

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкектеги көрүстөн маселесин көтөрдү.

Депутат айым Гроздь айылындагы көрүстөнгө 55 миллион сом бөлүнгөнүнө карабай тургундар керектүү шарттар түзүлбөгөнүн айтып нааразы болуп жатышканын билдирген.

"Гроздь айылына Бишкек шаарынын көрүстөнү которулган экен. Ошол учурда ал иш-чарага 55 миллион сом берилиптир. Бирок көрүстөндө 55 миллион сомго жасалган иштер байкалбайт деп жарандар кайрылып жатат. Же отурганга отургуч жок, же жол белгилери жок, жамгыр жааганда жолдор баткак болуп калат экен. Ал жерде жоопкерчилик ала турган адамдарды дагы таппай жатышыптыр", - деди Сурабалдиева.

"Ошол эле учурда Чоң-Арыктагы көрүстөнгө тымызын адамдар көмүлүп жатат деп кайрылып жатышат", - деп кошумчалады Сурабалдиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан