Башкы прокуратура жер мыйзамындагы 27-пункт боюнча официалдуу кайрылуулар келсе кароого даяр. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Конкубаевага 27-пункт тууралуу Эльвира Сурабалдиева суроо салып, анын жеке көз карашын сурады.
"Президент 27-пунктту жокко чыгарды. Ушул боюнча көз карашыңыз кандай. Сиздин оюңузча бул мындан дагы чоң башаламандыкка алып келеби же ошону менен биз 100 миңдеген адамды легализация кылып, токтото алабызбы?", - деп суроо берди Эльвира Сурабалдиева.
"27-пункттун канчалык деңгээлде негиздүү же негизсиз экендиги тууралуу бизге официалдуу кайрылсаңыздар жообубузду беребиз", - деди Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева.