Окурмандар тарабынан ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө айымдардын кош бойлуу учурунда каралган жеңилдиктер тууралуу соболдор көп келип түшүүдө. Бул жолу суроолорго Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлү Света Байтикова жооп берди.
- Саламатсызбы? Кош бойлуу келиндерден каттоого туруу үчүн акы талап кылынабы?
- Бизде аялдар кош бойлуу болгон учурда каттоого турушат. Бул учурда алар өкмөт тарабынан камсыздандырылган болот. Мында поликлиникада кабыл алуу, консультация, дарылануу баары акысыз болот. Андан соң ар бир каттоого турган аялга кош бойлуулук китепчеси берилет. Ал аркылуу бардык текшерүүдөн акысыз өтө алышат.
Кош бойлуу болгондо же баланы пландаган мезгилден тарта айымдар жолдошу менен бирге фолий кислотасын ичүүсү зарыл. Бул наристенин жүрөк кемтиги дартына кабылуусунан сактайт. Ошондой эле алар кош бойлуу айымдарга жеңилдик берилген (бул үчүн дарыгерлер айымдарга электрондук рецепт жазып беришет) дары-дармектерди (йод, фолий кислотасы, аз кандуулукка каршы препараттар жана башкалар) дарыканалардан (ММКФ келишим түзгөн) дарыгердин көрсөтмөсү боюнча 50 пайыз арзан ала алышат.
Анализдерге каралган жеңилдиктер
Айымдар кош бойлуу учурунда поликлиникадан кандын жалпы анализи, мазок, ВИЧке анализ тапшыруусу акысыз жүргүзүлөт. Эгер поликлиникага дарыгердин көрсөтмөсү менен барсаңыз, баары акысыз болот. Эгер ал жок болсо поликлиникадагы көрсөтүлгөн баанын (прейскурант) негизинде төлөм алынат.
Дарыгерлер вата, спирт сатып келүүнү талап кылса...
Өлкөдө кош бойлуу аялдардын төрөтү акысыз жүргүзүлөт. Эгер аял операция жолу (кесарево) менен көз жарса ага акы алынбайт. Ошол эле учурда наркоз каражаттары, кошумча анализдердин баары акысыз болот (кош бойлууларга берилүүчү китепче (обменная карта) талап кылынат). Ооруканаларда эң керектүү делген дары-дармектин баары сатып алынып, даяр турат. Эгер дарыгерлер вата, спирт, шприц сыяктуу препараттарды алып келгиле десе, оорукананын тизмесиндеги дары-дармектин тизмесин карагыла. Ал дарыларды өкмөт сатып берет. Бирок кээ бир учурда оорукананын тизмесинде жок дары-дармек керек болуп калса, аны дарыгердин көрсөтмөсү менен ар бир жаран өзү сатып алганга туура келет.
Төрөтканадан чыгып жатканда дагы көз жарган аялдардан бир сом дагы талап кылынбайт. Андан соң 3 күн ичинде каттоого турган поликлиниканын медайымы төрөгөн аялга барып, көзөмөлдөн өткөрүүсү абзел.
Эгер 10 күн ичинде төрөгөн аял дене табы көтөрүлүп калган учурлар болсо "Тез жардам" кызматын чакырып ооруканага жаткырылса, бул дагы акысыз.
Эскертүү: жогоруда айтылган жеңилдиктер каттоого турган учурда гана көрсөтүлөт.
Эгер поликлиникада кош бойлуулукка же наристени каттоого тургузууда акча талап кылынса эмне кылуу керек?
- Мындай учурлар катталган учурда алгач мекеменин жетекчисине кайрылуу зарыл. Алар чара көрбөсө, ыкчам байланыш номерлерине байланышууга болот: ММК 113 (чалуу акысыз). Анда поликлиниканын дареги, дарыгердин аты-жөнүн айтуу зарыл. Биздин эксперттер карап чыгып, андан соң чара көрүлөт.
Маалымат үчүн: Өлкөдө наристелер төрөлгөндөн баштап, 6 жашка чейин бардык медициналык текшерүүдөн акысыз өтө алышат.