Бишкекте чыгаан композитор Владимир Власовдун 110 жылдыгы белгиленет

Бишкекте Кыргыз ССРинин Эл артисти Владимир Власовдун 110 жылдыгына карата майрамдык салтанаттар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Владимир Власовдун 110 жылдыгына карата университеттерде, мектептерде “Чыгаан композитор В.Власовдун кыргыз музыкасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы” темасында уктуруулар болот. 
Мындан тышкары Кыргыз улуттук консерваториясында илимий-практикалык конференциялар уюштурулат. Ошондой эле композиторду эскерүү кечеси жана көргөзмөлөр өтөт. Министрликтин берген маалыматына караганда, Владимир Власовдун 110 жылдык мааракесин белгилөө салтанаты декабрдын аягына дейре улантылат.
Белгилей кетсек, улуу композитор “Алтын кыз” операсынын, “Ажал ордуна” (А.Малдыбаев, В.Фере менен биргеликте 1938-жыл), “Айчүрөк” жана башка драмалардын музыкасын жараткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан