Сокулукта "Кадастр" мекемесинин кызматкерлери жана УКТ мүчөлөрү кармалды

Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жер тилкелерин берүүдөгү коррупциялык иштерди аныктоо жана бөгөт коюу чараларынын жүрүшүндө "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сокулук райондук бөлүмүнүн кызматкерлери документтерди мыйзамсыз жасап жүрүшкөнү, ошол эле учурда бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да аралашканы аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары А.К., Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т.у.Р жана ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М. менен А.К. кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмыштарга Сокулук районунун жооптуу жана кызмат адамдарынын жана кылмыштуу контингенттин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан