УТРКнын башкы директору болуп Болотбек Тиллебаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” КР мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Тиллебаев Болотбек Кочкорович Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин УТРКны Кайрат Иманалиев жетектеп келген. Анын башка ишке өткөнү кабарланган.