Гомосексуалдарга берилеби? Парламентте 29 миллион доллар грант боюнча маселе көтөрүлдү

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Глобалдык фонд тарабынан бөлүнгөн каражаттын көбү Кыргызстандагы гомосексуалдарды колдоого жумшалып жатканын айтып, бул маселеге каршы турууга үндөдү.
Эл өкүлүнүн айтымында, Глобалдык фонд үч жылда бир ВИЧке жана кургак учукка каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга грант берип турат. 2024-жылы 29 миллион доллар каражат бөлүнөт деп пландалууда. Садырбаева да ал каражатты бөлүштүрүү боюнча комиссияга былтыр декабрда мүчө болуп кирген.
"Бул грант - өлкөнүн саламаттык сактоо системасына колдонула турган ири өлчөмдөгү сумма. Өткөн жылдары мындай гранттын негизги алуучусу ПРООН болгон. Бирок бул каражатты мамлекет өзү бөлүштүрүп, көзөмөлдөшү керек. Өзбекстан менен Тажикстанда ошондой. Алар бул грантты Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу алып, мамлекетке отчёт берип турат. Ал эми бизде ПРООН өзгөчө статуска ээ болгондуктан каражаттын бөлүштүрүлүшү тууралуу отчёт бербейт. Демек, акча каражаттары кайсы багытка канча сарпталып жатканын эч ким билбейт", - деди Садырбаева.
Ошондой эле ал комиссиянын кийинки жылы алына турган грантты кандай максатта колдоно тургандыгы тууралуу берген өтүнмөсүндө түшүнүксүз жагдайлар камтылганын белгиледи.
"Гранттын 4,5 миллион доллары ПРООНдо иштегендердин өздөрүнө эмгек акы катары калат. Таблицада көрүнүп турган иш-чаралар жана аларга бөлүнгөн каражаттар көптөгөн суроолорду жаратат. Маселен, "Коомдорду бекемдөө системасы" деген эмне болгон система. Алар эмне болгон коомдор? Суроолор көп, жооп жок", - деди депутат.
Садырбаева грантты бөлүштүргөн комиссияны жоюп, жаңы комиссия түзүү зарыл экенин жана мамлекеттин атынан өтүнмө берүүгө жетишип калуу керектигин белгиледи.
"Тилекке каршы, азыркы учурда иштеп жаткан курамда добуштар ачыктан-ачык бир тарапка ооп кетет. Себеби, комиссиянын бул курамында мамлекеттик сектордон 9 өкүл, ал эми эл аралык жана бейөкмөт уюмдардан 19 мүчө бар", - деди эл өкүлү.
Андан соң төрага Нурланбек Шакиев депутаттын айткан сөзүнө терең маани берүү керектигин белгиледи.
"Бейөкмөт уюмдар биздин жаштарды кайсы жакка алып баратат? Бул жерде трансгендерлер жөнүндө сөз болуп жатат, бул деген - биздин келечегибизге өтө чоң сокку. Тилекке каршы, биз маани бербеген менен мындай терс көрүнүш аябай тез өсүүдө. Аны менен кескин күрөшүүбүз керек. Улуттук чоң көйгөй, кесепети аябай жаман болот", - деди Шакиев.
Ошондой эле төрага өкмөт менен парламенттин тиешелүү комитеттерине аталган маселе боюнча иш алып барууга тапшырма берди.
Жогорку Кеңеш 09.03.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан