Нарын облусундагы аэропортту реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгиленгендей, "Манас" эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сомго Нарын аэровокзалынын жаңы имараты курулуп жатат.
"Буюрса, ушул жылдын апрель айы менен курулуш-монтаждоо жумуштары аягына чыгат. Андан кийин учуп-конуу тилкеси реконструкцияланып, аба каттамдары ачылат.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров курулуш ишинен кабар алды", - деп айтылат маалыматта.