Баткенде мал уурдоого шектүүлөр кармалды

Баткенде мал уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Баткен шаарынын 54 жаштагы тургуну короосунан 3-мартка караган түнү белгисиз адамдар тарабынан базар баасы 70 миң сомдук бир баш бодо малы уурдалганын билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Баткен ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынан кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ф.С., 24 жаштагы Т.М. жана 22 жаштагы Т.Д. аттуу Баткен шаарынын тургундары кармалып, уурдалган бодо мал өз ээсине кайтарылып берилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан