Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетика, транспорт-коммуникация, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин 2023-жылдын 26-27-январында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты.
Министрлер кабинетинин башчысы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын жана чек арага чектеш облустардын башчыларынын кеңешинин, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин маанилүү ролун баса белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Өз кезегинде Абдулла Арипов кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле жалпысынан өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.
"Өз ара сооданын көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар жана ири биргелешкен долбоорлорду, атап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушун тез арада ишке ашырууга умтулабыз", - деди Арипов.