Уурдалган Кыргыз жараны Өзбекстанда 5 ай барымтада жаткан. Анын жакындары менен жолугушуусу (видео)

Кыргызстандан уурдалган жаран Өзбекстандан табылып, аны уурдоого шектелип Өзбекстандын 2 жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

2023-жылдын 28-февралында О.С.Т. аттуу Кыргыз жараны УКМКга белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстандын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кеткенин айтып, агасы барымтада калганын билдирген.

Жогоруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) "Баймак" өткөрмө пункту аркылуу О.Т.Т. аттуу жаранды Өзбекстанга алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2023-жылдын 7-мартында уурдалган О.Т.Т. Кыргыз Республикасына алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.

Учурда Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Уурдалган Кыргыз жараны Өзбекстанда 5 ай барымтада жаткан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан