Бишкектин четиндеги Кут конушуна мектеп салуу пландалууда

Бишкек шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Кут жаңы конушуна 700 орундуу мектеп салуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Биринчи Май райондук администрациясынын башчы Максатбек Сазыкуловдун "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин өкүлү менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууда Кут конушунда бир нече социалдык объектилердин курулушу талкууланып, 25 турак үй калктын социалдык аялуу катмардагы 100 үй-бүлөгө, 700 орундуу мектеп, 100 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана медициналык амбулатория (ВАП) куруу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин курулуш үчүн жер тилкеси аныкталган, учурда мамлекеттик акт таризделүүдө, андан кийин коомдук фонд тарабынан долбоор иштелип чыгып, тиешелүү шаардык кызматтарга макулдашууга жөнөтүлөт.

Маалымдама: «Ново-Павловка 100 га» (Кут) конушу 2005-жылы негизделген, калкынын саны 1500дөй адам, 550 үй курулган, Бишкектен 20 чакырым аралыкта жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан