Өлкөдө акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында айтылат.
Белгиленгендей, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 4 өрт кырсыгы катталган.
Алсак, Кара-Суу районунун Кескен-Жар айылында эки кабаттуу жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 128 чарчы метр чатыры, 400 түк жыйылган чөп жана 12 эчки күйгөн, өрттүн кесепетинен жанаша жайгашкан жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жана бастырманын жалпы 74 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.