Бишкек ШИИБи: Камчыбек Ташиевдин уулуна карата кылмыш ишин токтотуу каралып жатат

Мурдагы депутат Камчыбек Ташиевдин уулу Темурланга карата кылмыш иши токтошу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда журналисттер менен болгон жолугушуусунда Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Александр Белунскас билдирди. 

Анын айтымында, айыпталуучу материалдык чыгымдарды кайра калыбына келтирген. Мындан улам жабырлануучу Данияр Сапаров доом жок деп арыз жазып берген. 

“Бирок дөңгөлөк урдоо боюнча башка 2 фактыда аталган топтун катыштыгы бар экендиги такталган”,- деди Белунскас. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө шаймандар табылган унаа Тимурландын агасы Таймураска тиешелүү экени аныкталганын кошумчалады. 

Эске салсак, 1-декабрда “Унаа-ууру” рейди жүргүзүлүп, анын натыйжасында 18 жаштагы Т.Тимурлан, 17 жаштагы М.Самидин, 18 жаштагы А.Фарух, 17 жаштагы М.Эрнист кармалган. Алар Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөктөрүн уурдап жаткан жеринен кармалышкан. 

Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда Ташиев Тимурландын башкаруусундагы Мерседес-Бенц  үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен  8 кирпич, дөңгөлөктүн 20 тирөөч болту, 3 балондуу ачкыч жана домкрат табылган. Кармалгандардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин уулу, 18 жаштагы Тимурландын бар экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Nazar.arapbaev
2013-12-10 13:12:30
обббооооо
+1
Almabek
2013-12-10 13:20:15
Уяты жоктор
0
Aidai2010
2013-12-10 13:28:07
Акча берип жаап жатат да, жаба берсин, абийрин тазалай албайт акча менен.
-1
mirbakg
2013-12-10 14:04:38
Aidai2010, сени издеп жаттык эле бар экенсин э :) баягы эле корунушбу озун ойлонуп корсон ушундай байдын баласына кочодогу он миндик болонду урдоо кызык дейсинби
0
nurel50
2013-12-10 16:35:08
Aidai2010, bul okuyaga senden bashka echkim ishenbeyt,
0
uran001
2013-12-10 13:37:20
Ooba emi TAimurasty dagy joopko tartkyla,Tashievterden oshol ele kaldy ele.
0
PROS
2013-12-10 13:44:22
Элди анкоо ойлобогула, бул ишинерге 99% эл ишенбейт!
+2
bogot
2013-12-10 13:47:58
E kooop oinobogula jaw balanyn oiunun kylyp uwu jantoronu batkenge surgun kylsa kantet
0
elka_manas_kg
2013-12-10 14:16:51
ойй бул чын болгон окуябы мен ишенген жокмун ташевдин баласына башкалардын донгологунун не кереги бар,эгер чын болсо далилдоо катары админдерден видеосун жуктоп койуусун отуном.....
0
admin_superstan
2013-12-10 14:36:03
cubich
2013-12-10 15:03:23
Менин машинемде да 16 тирооч болт,2 баллон ключ,1 дамкрат журот.Анда мени да кармай электе уйго таштап коёюн. Керек болуп калса жолдо эмне кылабыз анда? :(
+5
tynara81
2013-12-10 16:00:38
...айыпталуучу чыгымдарды кайра калыбына келтирген.. Эмнеге айыпталуучучулар эмес, ким калыбына келтирди. Камай алышпайт да анан, далилдер болбогондон кийин.
0
Brat_Kuba
2013-12-11 00:36:00
Башында Темирлан деп жазылыптыр аягында Тимурлан дептир, эмне эгиз балдарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан