"Альфа Телеком" ЖАКнын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, текшерүү иштеринин жүрүшүндө "Альфа Телеком" ЖАКна керектелген жабдыктардын жогорулатылган баада сатылып алынган фактысы аныкталган.
Такталгандай, "Альфа Телеком" ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин жетекчилери жана башкы директорунун мурдагы орун басары П.М.А. жеке катышуучулар менен келишим түзүп, алар жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала 20 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Алынган далил материалдардын негизинде П.М.А. кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.