Баткенде мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды

Баткенде мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Баткен районунун Боз-Адыр айылынын 47 жаштагы тургуну өзү жашаган турак үйүнүн ашканасынан 16 кап өрүгүн белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын 24 жаштагы тургуну Н.А. аныкталып кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын буга чейинки кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми уурдалган өрүк өз ээсине кайтарылып берилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан