Ким Чен Ын кызы менен чогуу артиллериялык машыгууларга көз салды (фото)

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын кызы душмандардын аэродромун талкалоо боюнча атайын артиллериялык машыгууларга көз салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын аскердик бөлүктүн жана дивизиянын элементтерин карап чыгып, согушка даярдыктын иш жүзүндөгү абалы жана жоокерлердин кызмат өтөө мөөнөтү менен кеңири таанышты. Ал көз салгандан кийин машыгууга канааттанганын, аскерлердин жогорку даярдыкта болгонуна сүйүнүчүн билдирген.

Ким Чен Ын артиллериялык машыгууларга кызы менен чогуу көз салып турган.

Март айынын башында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон өз билдирүүсүндө Пхеньяндын сыноо ракеталарынын бирин атып түшүрүү аракети согуш жарыялоо катары караларын эскерткен. Ал ошондой эле Түндүк Корея Тынч океанга дагы ракеталарды учурушу мүмкүн экенин кыйыткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан