Бишкек-Кашгар багыты боюнча көп орундуу автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" ишканасы билдирди.
Маалымдалгандай каттам ушул жылдын 8-мартынан тарта ишке аша баштаган.
Маалыматта каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарыла турганы кабарланат. Кошумчалангандай, автобустар саат 16:00дө Бишкек шаарындагы Батыш автовокзалынан жолго чыгат.
Билет баасы - 7 миң 431 сом (85$).