Өлкөдө мектеп окуучулары 22-марттан баштап каникулга тарайт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында айтылат.
Жазгы эс алуу 22-мартта башталганы менен окуучулар ага чейин эле тарайт. Анткени өлкө боюнча 20-21-март эс алуу күндөрү деп белгиленген. Мындан улам окуучулар 20-марттан баштап 26-мартка чейин эс алышат.
Мектептерде IV чейрек 27-мартта башталат.