Жол коопсуздугуна байланыштуу жаңы эрежелер күчүнө киргенден кийин айдоочулар тартипти сактап калганы байкалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 8-марттан тарта жаңы эрежелер кирген. Жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузган айдоочулар кайра сынак тапшырат.
- Унаанын номерин атайын жаап алса же номеринин бирөөсү жок башкарса;
- Инспектор автоунааны токтоткон учурда анын талабын аткарбай качып кетсе;
- Каршы кыймыл тилкесине чыгып, озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу сыяктуу, адамдын ден соолугуна зыян, өмүрүнө коркунуч жараткан жол эрежесин бузган учурда;
Ошондой эле алкоголдук ичимдик ичип, унаа башкарып кармалгандар, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.
Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, спирт ичимдигин ичип, унаа башкарган учурлар майрам күндөрү көп катталат.
2023-жылдын 8-март күнү Бишкек шаарында алкоголь ичип, унаа башкарып кармалган айдоочулардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу үч эсе азайган.