Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеӊишбек Абитов Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуп, базарларда, соода маркеттеринде ККМ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда ал жергиликтүү ишкерлерге көзөмөл-кассалык машинаны колдонуу зарылдыгын айтып, өлкөбүздүн экономикасына салым кошууга чакырды.
Абитов ар бир жаран ишкердиктен түшкөн пайданы жашырбашы керектигин белгилеп, салыкты өз убагында төлөө зарылдыгын эскертти. Ошондой эле мамлекеттин казынасына түшкөн акча каражаты максаттуу пайдаланылып, коопсуздук, эмгек акы, социалдык маселелерди чечүүдө колдонулуп келе жатканын кошумчалады.
"Мындан сырткары милицияга байланыштуу кандай гана маселе болбосун жеринде чечүүгө аракет кыларын, жарандардын арыз-даттануулары милициянын көчмө кабылдама унаасында дагы кабыл алынарын айтты. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун жети багыттагы приоритеттүү тапшырмаларына токтолуп, аны ишке ашырууда милиция кызматкерлери талыкпастан эмгектене тургандыктарын белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.