Ушул жылдын 8-мартынан тарта ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы тарабынан Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалыматында айтылат.
"Учуулар жумасына 7 жолу, тактап айтканда, күн сайын аткарылып турат", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин аталган багыт боюнча каттамдар жумасына 4 жолу - дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылып келген.