Бишкектеги унаа тыгыны: 15-марттан тарта дагы бир көчө бир тараптуу болот

15-марттан тарта Бишкектин борборундагы Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Билдирүүгө ылайык, 15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк багыты бир тараптуу болот.

Мындай чечим жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Милициянын кайгуул кызматы Исанов-Токтогул-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзгөн иликтөөдө Исанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан унаалардын агымы Москва көчөсүнөн бурулуп бара жаткан унаалардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болуп, унаа тыгынын жаратканын көрсөткөн.

Аталган көчөдө бир тараптуу кыймылды уюштурууда айдоочулар Тоголок Молдо көчөсү менен түндүктү көздөй айдай алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан