Баткенде дүкөндөн кийим уурдоого шектелип 6 жаран кармалды

Баткен шаарында дүкөндөн кийим уурдоого шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Кабарлангандай, Баткен районунун Бужум айылынын 30 жаштагы тургуну 17синен 18-февралга караган түнү Баткен шаарындагы эркек кишилердин кийимин сатуучу дүкөнүнөн белгисиз жарандар жалпы суммасы 470 600 сомдук болгон сатыкта турган кийим-кечелерин уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыз каттоого алынып, иликтөө иштери жүрө баштайт.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде 9-март күнү Баткен шаарынын 18 жаштагы беш тургуну жана 17 жаштагы бир тургуну аныкталып, кармалды. Кармалган учурда алардын жанынан далилдүү буюм катары кийим-кечелер алынган.

Бүгүнкү күндө 18 жаштагы беш жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан