Бишкекте соодагерлер кайрадан митингге чыгышты (видео)

Бүгүн, 10-мартта соодагерлер Бишкектеги Максим Горький гүлбагына кайрадан нааразычылык акциясына чыгышты.

Анда жүздөгөн адамдар бийликтен контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонууга беш жылга мораторий киргизүүнү, салык эрежелерин жеңилдетүүнү талап кылууда.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тарта соодагерлердин товарында товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) болушу зарыл. Буга чейин кагаз түрүндөгүсү колдонулуп келген.

Ал үчүн ишкерлер Салык кызматынын маалыматтык системасынан “жеке кабинет” ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек. Ансыз товарын алып өтө албайт. ККМ, ЭТТНден сырткары электрондук эсеп-фактуралар (ЭЭФ) да кирген.




Видео: 24.kg
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан