Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын төрагасы болуп кайра шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
"Акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп жатканы кубандырат. Мамлекеттерибиздин ортосунда ынак кошуначылык жана достук, саясий өз ара ишеним ырааттуу чыңдалып, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө, "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.
Мен өткөн жылдын февраль жана сентябрь айларында Пекинде жана Самаркандда болгон жолугушууларыбызды жылуулук менен эстейм, алар кыргыз-кытай ынак кошуначылык, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүгө абдан чоң түрткү берди.
Сиз менен жеке байланыштарыбызды мындан ары да чыңдоого жана кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди улантууга даяр экенимди билдирем", — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Садыр Жапаров Си Цзиньпинге ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми дос кытай элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.