Ош шаарында кыймылсыз мүлк жарманкеси өтөт

Ош шаарында “ЭКСПО-2023” деп аталган кыймылсыз мүлк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарманке 17-марттан 19-мартка чейин уланат. Иш-чаранын программасында 40тан ашуун курулуш компаниялары жана курулуш цехтери өздөрүнүн жетишкендиктери жана курулуп жаткан объектилери тууралуу маалымат беришет.

Мындан сырткары, ар бир адам турак-жай куруу боюнча көп берилүүчү суроолоруна жооп ала алат. Ошондой эле банктар жана өнөктөш уюмдар турак жай ипотекасы боюнча кеңири маалымат беришет.

Жарманкенин өтүүчү жери - “Жаннат Resort” ресторан комплекси. Иш-чараны IG Development жана LTD Jannat компанияларынын кыймылсыз мүлк боюнча эксперттери уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан