
Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабаркаган жарандардын 36,2 миллион сом суммасында 377 кредити жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, финансы-кредит уюмдарына мурда насыя алган 514 адам кайрылган. Мындан сырткары 66,5 миллион сомдук 227 насыя реструктуризацияланган. Анда төлөө мөөнөтү жылдырылып же пайыздар азайтылышы мүмкүн.
Аны менен катар эле өткөн жылдын 18-ноябрынан быйылкы жылдын 28-февралына чейин Баткен облусунда 2 миллиард 799,9 миллион сомго 27 207 кредит артыкчылыктуу тартипте каралып берилген. Ошол эле учурда "Кепилдик фонду" ишканасы кредит алып жаткан баткендиктерге 115,5 миллион сом суммасында 228 кепилдик берген.
Улуттук банк учурда дагы финансы-кредиттик уюмдар коогалаңда жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатканын жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөрүн кошумчалады.